24.kg
09:55, 06 февраля 2020, 24.kg

«Кырк чоро» кошунунун ички жобосу жана жетекчиси алмашты

«Кырк чоро» кошунунун жетекчиси алмашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюмдун мурдакы төрагасы Замибек Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, «Кыргыз чоролору» коомдук уюму ички жоболоруна өзгөртүү киргизип, ага ылайык жетекчи курамын өзгөрттү.

«Жетекчилик курамга 40 жаштан ашкандар кире албайт. Андыктан, мен орунду бошотуп бердим. Төрагалыкка 35 жаштагы Руслан Адылов шайланды. Ага эки орун басарын дагы жаштардан тандадык. Биздин катарга Түркия, Корея жана Россиядагы мекендештер кошулду», — дейт ал.

Замирбек Көчөрбаевдин билдирүүсүндө, уюмдун негизги багыты өзгөрбөйт. Бирок, жаштар жаңы көз-карашта иш алып барышары күтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18