24.kg
10:37, 04 февраля 2020, 24.kg

Текебаев: Президентти колдогон партия сөзсүз болушу керек

Бийлик өз партиясын ачык жарыялышы керек. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» 2×1 программасында билдирди.

Анын айтымында, бийлик ачык саясый күрөш жүргүзүп, парламенттик шайлоого катыша турган партиясын аташы зарыл.

«Мыйзам боюнча президент партияга мүчө боло албайт. Бирок аны колдогон партия сөзсүз болушу керек. Колдогондор ачык чыгышы керек. Мунун эрөөн-төрөн көрбөшүбүз керек. Мыйзам жана саясат боюнча да укугу бар. Ачык айтпастан кой терисин жамынып келип, парламентке келгенден кийин «колдойбуз» десе биринчиден шайлоочуларына карата сыйлабастык. Сооронбай Жээнбековдун колдоочуларына айтат элем, ачык чыгып колдогула. «Жээнбековду тааныбайм» дегендей түр көрсөтпөгүлө», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбековду президентикке көрсөткөн КСПДнын бир катар депутаттары «Биримдик» партиясына биригери боюнча маалымат айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18