24.kg
17:06, 03 февраля 2020, 24.kg

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү февралда аяктайт

Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралында бүтөт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөзү билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 10-июнунан тартып 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн убактысы февраль айында бүтөт.

«Буга байланыштуу ар кандай кыйынчылыктарга кабылбоо үчүн «убактылуу» айдоочулук күбөлүктү аталган убакытка чейин алмаштыруу сунушталат. Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаары боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М.Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18