24.kg
10:45, 03 февраля 2020, 24.kg

Россиянын Канттагы аскер базасы жылына 4,8 миллион доллар төлөп турат

«Кант» аскер базасынын ижара акысы 4,8 миллион АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу россиялык ММКлар маалымдашты.

Маалыматка караганда, мындай эсептөөлөр жана Канттагы аскер базасынын макамы жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашууда көрсөтүлгөн. Келишимди жакынкы күндөрү Россиянын мамлекеттик думасы карап чыгат.

Белгилей кетсек, аскердик база ашыкча 58,32 гектар жерди ээлегендиктен ижара акысы көбөйтүлгөн.

Келишимде учкучсуз аппараттар боюнча эки өлкөнүн мыйзамдарындагы каршылыктар дагы жөнгө салынган. Эми «Кант» базасында учкучсуз аппараттар боюнча атайын бөлүк пайда болот.

Макулдашуу боюнча мындан ары Канттагы аэродромго кыргыз жарандары дагы кире алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18