24.kg
17:43, 31 января 2020, 24.kg

Түркиянын ЖОЖдору акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады

Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча акысыз билим алууну каалагандар үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, мамлекеттик кызматкерлердин жана мугалимдердин түрк тилин үйрөнүүсү үчүн КАТИП атту стипендиялык программасы да бар.

«Студенттер эки турдун жыйынтыгы менен тандалып алынат. Биринчи турда талапкерлер Түркия Республикасынын мамлекеттик стипенидиялар расмий сайтынан (https://turkiyeburslari.gov.tr) онлайн каттоодон өтүшү керек. Андан соң өткөндөр маектешүүгө чакырылат жана өз өлкөсүндө система тарабынан көрсөтүлгөн шаарлардын арасынан бирөөнү тандап, экинчи турга чакырышат. Толук маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине келет. Кайсы университетке, бөлүмгө өткөндүгү жана кайсыл убакытта Түркияга келиши керектиги тууралуу маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине жиберилет», — деп маалыматта айтылат.

Сынак боюнча толук маалымат https://turkiyeburslari.gov.tr. Сайтында жайгашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18