24.kg
14:58, 31 января 2020, 24.kg

Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын иши күчтөнөт

Балдарга карата зордук-зомбулуктар катталып жатканына байланыштуу, өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерине балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын ишин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Райондук штабдарга мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдыруу, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Мамлекеттик администрациялардын жетекчилери — район акимдери штабдын ишин жана балдарга жасалган катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча шашылыш чаралардын 2019-2020-жылдарга карата планын жүзөгө ашырууда жеке жоопкерчиликти алат.

Өкмөт ошондой эле массалык маалымат каражаттарын балдар укуктарын коргоо темасына арналган социалдык роликтерди көрсөтүү, телесюжеттерди жана макалаларды даярдоо аркылуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракеттешүүгө чакырат.

Эгерде кайдыгер эмес жарандар зомбулуктун ар кандай түрлөрүнүн күбөсү болуп же мындай мүнөздөгү маалыматка ээ болушса, 111 «ишеним телефонуна» чалып же укук коргоо органдарына кайрыла алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18