24.kg
14:48, 31 января 2020, 24.kg

УКМК Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Дубайда кыймылсыз мүлкүнүн бары жогун текшерет

УКМК Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Дубайда кыймылсыз мүлкүнүн бары жогун текшерет. Бул тууралуу Түркияда киши колдуу болгон кытайлык жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарына расмий сурам жөнөтүлдү.

«Биз интернеттеги маалыматтарга таяна албайбыз, мындан улам Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарына кайрылдык», — деди Сагынбек Самидин уулу.

Ал Матраимовдордун банктык эсептери текшерилбей тургандыгын кошумчалады. Айтымында, журналисттик иликтөөдө бул тууралуу маалымат жазылган эмес.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18