24.kg
13:35, 31 января 2020, 24.kg

Кыргызстандыктар жаңы вируска байланыштуу дыкат текшерүү жүрбөй жатканын айтышты

Кыргызстанга Кытайдан кайтып келген жарандар дыкат текшерүүлөр жүргүзүлбөй жатканына нааразы. Мындай оюн Арина Арпачиева социалдык тармактардын биринде жазып чыкты.

«Биз Кытайдан учуп келдик. Үч аэропорттон көп текшерүүдөн өттүк. Кордай көзөмөл-өткөрүү жайына келгенде дагы бир ирет дене табыбызды текшеришти. Андан соң унаага салып Кантка алып келишти. Эч кандай шарт жок, 6-7 адамга ылайыкташтырылган унаага 11 кишини батырып коюшту», — деди Арина Арпачиева.

Айтымында, чоңдор кысылып, кичинекей балдар үшүп, ачка болгонунан ыйлашкан.

«Канттан дене табын текшергенден кийин кое беришти. Дыкат текшергендери ушулбу? Ушул үчүн муздак унаада бир саат жол жүрүп келдикпи?», — деп Арина нааразы болот.

Эске салсак, эпидемия декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Көптөгөн өлкөлөр бул шаардагы жарандарын чыгарып кетип, Кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтотушту. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан акыркы маалыматка таянсак, өлкөгө Кытайдан 42 киши келди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18