24.kg
11:21, 31 января 2020, 24.kg

Бишкектеги № 5 бала бакчанын жамааты кечээ уруксатсыз иш ташташты

Бишкектеги № 5 бала бакчанын жамааты кечээ уруксатсыз иш ташташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ мекеме ОРВИ боюнча карантинге шилтеме кылып балдарды кабыл алышкан эмес. Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери аталган бакчага барып, эпидемиологиялык абал туруктуу экенин көрүштү.

Маалыматка караганда, бакчанын тарбиячылары айрым ата-энелердин, коомчулуктун көптөгөн арыз, дооматтарынан моралдык жактан чарчап калышкан. Кечээ кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү.

№ 5 бала бакчанын директорунун милдетин аткаруу № 131 балдар бакчасынын тажрыйбалуу методистине жүктөлдү.

Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн эртең менен бала бакча кадимки режимде иштеп баштады.

Эске салсак, Биринчи май районундагы № 5 балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелери мэриянын имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар мектепке чейинки уюмдун жетекчиси Динара Мазымканованы иштен алууну талап кылышкан болчу.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18