24.kg
18:03, 30 января 2020, 24.kg

Орусияда адам өлүмүнө шектелген кыргызстандык жаран кармалды

Орусияда адам өлүмүнө шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Ал полициядан бир жумадан ашуун убактан бери жашырынып жүргөн. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, Москванын 39 жаштагы тургуну «Дикси» дүкөнүнө кирип, бирок эч нерсе сатып албай чыгып кеткен. 25 жаштагы кыргызстандык кассир кардардын курткасынын чөнтөгүнө банкадагы кофени катып алганын көрүп калган. Ал видеого эмне тартылганын көрүү үчүн, шектүүнү жер төлөдөгү имаратка баруусун талап кылган.

Видео аркылуу кардардын уурдагандыгы аныкталды. Кассир андан «Төлө, болбосо өлтүрөм!» деп талап кыла баштаган. Кийин ал кардарды ичке муштап жиберген. Жабырлануучу полго кулап калганда, кассир аны бир канча жолу буту менен тепкилеген.

Окуя 20-январда болгон. Бир канча саат өткөндөн кийин алган жаракатынан улам кардар каза болуп калды.

«Шектүү бир канча күндөн кийин колго түштү. 29-январда Москва облусунун аймагынан аны камакка алышты», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18