24.kg
16:55, 30 января 2020, 24.kg

«Неман» Гүлжигит Алыкуловдун ордуна дагы бир кыргыз футболчусун кароодо

Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасынын (U-19) жарым коргоочусу Эмир Шыгайбаев Белоруссиянын «Неман» клубунун кароосунан өтүүдө. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Эмир Шыгайбаев өткөн сезондо түркиялык «Антальяспор» клубунда ойногон. Кышкы сезондо Кыргызстандын «Илбирс» командасы менен талаага чыккан.

«Неман» менен келишим түзүлсө, кыргызстандык футболчу Белоруссиядагы алгачкы оюнун 29-январда башталган сезон алдындагы таймашта көрсөтө алат.

Эскерте кетсек, 2019-жылы «Неман» клубунда кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов ойногон. Учурда ал «Кайрат» командасынын катарында.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18