24.kg
15:32, 30 января 2020, 24.kg

Самаркандда окуучу кыздар жапырт гинекологиялык текшерүүдөн өткөрүлүүдө

Самарканд облусунун Тайлак районунда үч окуучу кыз кош бойлуу болуп калган. Бул тууралуу аталган облустун саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкери билдирди.

Атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, буга байланыштуу учурда Тайлак районунда 7-8-9-класстарда окуган кыздар жапырт түрдө УЗИге жөнөтүлүүдө.

Бул маалыматты кош бойлуу кыздар аныкталган мектептин мугалими да тастыктады.

«Бул окуя боюнча мектепте жыйналыш өттү. Окуучулардын арасында боюнда болуп калгандар бар экен, бирок алардын так саны белгисиз. Азыр ал кыздардын бирин күйөөгө беришүүдө. Башкаларын билбейм», — деди ал.

Буга чейин Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева 2019-жылдын алгачкы алты айында эле жашы жете элек 46 кыздын боюнда болуп калганын, бул мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32 учурга көп экенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18