24.kg
14:27, 30 января 2020, 24.kg

Ноокенде 9 жашар кызды зордуктаганга шектүү жаран изделүүдө

Ноокен районунда жашы жете элек кызды зордуктаганга шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти. 

Photo 152911

Маалыматка караганда, 28-январда милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, саат 17:00дө белгисиз жаран анын кызын зордуктап салганын айткан.

«Кыз 9 жашта. Аялдын айтымында, кыз мектептен келе жатканда 20-25 жаштардагы белгисиз киши аны коркутуп, күч колдонуу менен зордуктаган», — деп билдиришти ОИИББдан.

Милиция шектүүнүн фотороботун түздү. Сүрөттөгү кишини таанып билгендер болсо, төмөндөгү номурларга байланышса болот: 03734102 же 0555003100. Анонимдүүлүккө кепилдик бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18