24.kg
14:05, 30 января 2020, 24.kg

Ысык-Көлдө бала бакча башчылары электрондук кезек боюнча окуудан өтүшүүдө

Балыкчы шаарындагы бала бакча директорлору «Мектепке чейинки билим берүү уюмуна электрондук кезек» долбоорунун аймагын кеңейтүүнүн алкагында атайын окутуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Айдын аягына чейин мындай тренингдер Чолпон-Ата жана Каракол шаарларындагы бала бакча директорлоруна да өтүлөт.

Photo 152909

Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда баарына бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү жана коррупциялык схемаларды болтурбоо үчүн 2018-жылдан бери ишке ашырылып келет. 

Бул механизм ошондой эле тизмедеги балдарды кайталоону жокко чыгарып, тайпаларды түзүүгө жардам берет. Электрондук кезек — бала бакчага жыл бою жазылууну мүмкүндүк берет.

Бакчага элекрондук кезекке туруу үчүн ата-эне же расмий өкүлдөр http://balabakcha.edu.gov.kg сайтындагы билдирмени толтуруп, керектүү документтерди тиркеши керек. Алар баласынын кезегин бирдиктүү реестрдеги каттоо же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү номер аркылуу билим турса болот. Бала бакчада бош орун пайда болгондо, система аны бөлүштүрүп, ата-энелердин электрондук дарегине кезек келгендиги тууралуу билдирме жөнөтөт.

Эске салсак, программа башталгандан бери Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунун Ысык-ата районундагы ата-энелер тарабынан 115 миң 500 электрондук арыз келип түшкөн. Анын ичинен 48 миң бала бакчага кабыл алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18