24.kg
10:49, 30 января 2020, 24.kg

Таластын ооруканасында санитардык кызматкер сабалды

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө санитардык кызматкер сабалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Окуя 28-январда болгон. Жабырлануучу милицияга арыз жазды.

«Бейтапты көрүүгө келгендер палатага кирели дешкенде, аларды күтө турууну айтышкан. Жыйынтыгында пикир келишпестик жаралып, санитардык кызматкерди тээп жиберишкен. Аталган факт боюнча текшерүү жүрүүдө», — деп билдиришти ОИИББдан.

Оорукананын кызматкерлерине карата орой мамиле жасаган бул алгачкы окуя эмес. Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында жаңжал чыккан. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18