24.kg
10:19, 30 января 2020, 24.kg

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран вандализмге шектелүүдө

Санкт-Петербургда Орусиянын президентине кол салууга чакырган сүрөттөрдү имаратка Сатартып жүргөн деген шек менен кыргызстандык жаран камакка алынды. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Басылма Питер сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип, 22 жаштагы Мухаммадазиз Ишматовго «вандализм» жана «террордук ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн эл алдында чакырык таштоо» беренелери боюнча айып тагылууда деп жазган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, белгисиз киши интернет аркылуу Парпиев аттуу жаран менен байланышып, ага Орусиянын президентинин сүрөтү түшүрүлгөн жана «Көрсөң- өлтүр» деген жазуусу бар трафарет жасап берүүнү суранган. Бул кызмат үчүн шектүү 5 миң рубль сунуштаган. Ошондой эле трафарет жана боектун жардамы менен Петербургдагы бир канча имараттын дубалына сүрөттү түшүрүү тапшырмасы коюлган.

Парпиев макул болуп, бул ишке Ишматовду тарткан. 27-январда экөө 6 имараттын дубалына сүрөт түшүрүп чыгышкан.

Ишматов бул ишке өзүнүн катыштыгы жок экенин айтууда. Соттун чечимине ылайык, ал 27-мартка чейин камакта болот.

ЖМКнын маалыматы боюнча, экөө тең Кыргызстандын жарандары.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18