Кызыл-Кыяда чыккан өрттөн 67 жаштагы аял каза болду
Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында чыккан өрттөн 67 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт турак үйдөн чыккан. Анда тамактануучу жана уктоочу бөлмө күйүп кеткен.
Кырсыктан себеби такталууда.