24.kg
15:08, 29 января 2020, 24.kg

Ошто 16 жолу сот жообуна тартылган жаран кайрадан жасаган кылыгы үчүн кармалды

Ош шаарында мурда 16 жолу сот жообуна тартылган жаран кайрадан жасаган кылыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 12-октябрында ШИИББнын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-октябрда Нурматов көчөсүндө жайгашкан кафеде эс алып жаткан учурда белгисиз жаран эч себепсиз уруп, бетине бир нече жолу тээп, денесине жарат келтиргенин айткан. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү издөөгө алынган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө шектелип жаткан жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Аманкелди экени аныкталды. Ал Өзгөн районунда каттоодо турганы менен Ош шаарында жашап жүргөн. 28-январда 1997-жылы туулган шектүү кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү буга чейин жасаган кылмышы үчүн Оштогу жатак абактардын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, издөөдө жүргөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18