24.kg
14:07, 29 января 2020, 24.kg

Дарыканаларды медициналык беткаптардын баасын көтөрбөөгө чакырышты

Кыргызстандын дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти ири фармацевтикалык фирмалардын жана дарыкана түйүндөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, департамент фармацевтикалык компанияларды медициналык беткаптардын, вируска каршы дарылардын баасын көтөрбөөгө чакырды. Муну менен катар дары-дармектерди экспортко чыгарбоону эскертти.

Мекемеден билдиришкендей, өлкө аймагындагы дарыканаларда бир жолу колдонуучу беткаптар жана вируска каршы дарылар жетиштүү көлөмдө.

Бир беткаптын орточо баасы 5 сомдон.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 6 миңдей киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 130дан ашты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18