24.kg
13:50, 29 января 2020, 24.kg

Акыйкатчы өлкөдө балдардын укуктары корголуп жатканын айтты. Бирок жетиштүү эмес

Балдардын укуктары менен өкмөттөн баштап балдардын иштери боюнча райондук мамлекеттик администрациянын комиссияларына чейин алектениши керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, балдардын укугун коргой турган министрликти же мекемени гана бөлүп кароого болбойт.

«Мен балдардын укугу менен эч ким алектенбей жатат дегенге макул эмесмин. Министрлик жана мекемелер тарабынан белгилүү бир иштер жүргүзүлүүдө. Бирок бул жетиштүү эмес экенин моюнга алыш керек. Буга Ысык-Көл облусундагы жана Сузак районундагы балдардын өлүмү күбө. Министрликтин жана мекемелердин жетекчилиги аймактардагы балдардын укуктарын коргоо боюнча көзөмөлдү күчөтүшү зарыл», — деди жактоочу.

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 11 айлык наристе чарчап калган. Маалыматка караганда, ымыркай кыз оор абалда келип түшкөн.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 3 жашар бала ур-токмоктун кесепетинен чарчап калды.

 

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18