24.kg
12:24, 29 января 2020, 24.kg

Оштун базарларында мыйзамсыз сатылып жаткан эт азыктары сатыктан алынып салынды

Ош шаарынын базарларында мыйзамсыз сатылып жаткан эт жана балык азыктары сатыктан алынып салынды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык инспекциясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, азыркы тапта чет өлкөдөн алынып келген азыктарга чектөө киргизилген.

«Тескөөчүлөр ветеринардык көзөмөлдө турган объекттерде, кампаларда, соода жайларында жана ишкерлердин, тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан 2 күн мурун Ош шаарында мыйзамсыз сатылып жаткан 2 килограмм бөдөнөнүн эти, 15,2 килограмм бөдөнөнүн жумурткасы, 52 килограмм тийиштүү документи жок балыкка акт түзүлүп, соодадан алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 6 миңдей киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 130дан ашты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18