24.kg
11:42, 29 января 2020, 24.kg

Аялдын баштыгын жула качкан шектүү колго түштү

Бишкекте банктык эсебинен акча алган аялдын баштыгын күч колдонуп тартып алган деген шек менен бир жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз бирөө Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн кире беришинен күч колдонуп баштыгын тартып алганын айткан. Айтымында, баштыкта 2 даана «Самсунг» үлгүсүндөгү телефон, капчык (ичинде 15 миң сом бар болчу) жана ID-паспорту болгон.

Кылмышка шектүү качып кеткен. Ал эми келтирилген жалпы чыгым 30 миң сомго бааланды.

Уурулукка шектелип 2000-жылы туулган жаран кармалды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18