24.kg
11:29, 29 января 2020, 24.kg

Кыргызстандыктар жөлөкпул алууга кызыкдар эмес. Болгону 300 сом

Кыргызстанда болгону 123 киши жумушсуздук боюнча жөлөкпул алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен жыл сайын социалдык төлөм үчүн 5 миллион сом бөлүнөт.

«Жөлөкпулдун өлчөмү болгону 300 сомду түзөт. Аны алыш үчүн паспорт, билими тууралуу документ жана эмгек китепчеси керек. Бирок кыргызстандыктар жөлөкпул алууга кызыкдар эмес. Анткени ал өтө эле аз», — деди аткаминер.

2020-жылдын январына карата жумушсуздардын саны 94 миң 248 кишини түздү. Жумушсуздардын 9 пайызы Баткен облусунда, 8,8 пайызы Нарын, 8,4 пайызы Ысык-Көл, 7,3 пайызы Чүй облустарында жашайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18