24.kg
09:35, 29 января 2020, 24.kg

Кытайдан келген студенттерден коронавирустун белгилери табылган жок

Кытайдан келген кыргызстандык студенттер инкубациялык мезгил аяктаганга чейин ооруканада болушат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, студенттерге медициналык байкоо жүргүзүлүүдө. Алардын абалы канааттандыраарлык, азырынча коронавирустун белгилери табыла элек.

«Инкубациялык мезгил 10 күнгө созулат. Бул убакыт аралыгында студенттер ооруканада болушат», — деп билдиришти министрликтен.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2 миң 300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 100дөн ашты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18