24.kg
09:21, 29 января 2020, 24.kg

Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектелген 3 жаран кармалды

Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына бир аял арыз менен кайрылган. Анда ал 22-январда белгисиз бирөөлөр Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирине кирип, күч колдонуу жолу менен 32 миң сомдук 3 телефонун жана 4 миң сомун тартып алышканын айткан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү катары 23 жаштагы Ж.Ж., 20 жаштагы Т.Н., жана 22 жаштагы С.К. кармалды. Алардын дагы бир өнөктөшү изделүүдө.

 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18