24.kg
09:13, 29 января 2020, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Фарид Ниязов 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочулар билдиришти.

Юристтердин айтымында, Фарид Ниязовго Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айып тагылууда. Кеп бийликти күч менен басып алууну уюштуруу, барымтага алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, кайсыл бир жактар менен сүйлөшүп алып куралдарды тартып алуу, тергөө органдарына карата зомбулук колдонуу, тергөөгө тоскоолдук кылуу, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу тууралуу болууда.

Кой-Таш айылындагы окуя тууралуу кылмыш ишине шектелип жаткандардын саны 19 кишиге жетти.

Маалыматка караганда, алгач 12 киши айыпталып жаткан. Алардын катарында мурунку президент Алмазбек Атамбаев, президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бар.

«Шектелип жаткандардын арасында 7-8-августта Атамбаевдин резиденциясынын аймагында жүргөн Кой- Таш менен Арашан айылдарынын тургундары бар. Кылмыш ишинин томунун саны 80ге жетти», — деп билдиришти юристтер.

Буга чейин материалдар 50 томдон турат деп кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18