24.kg
14:35, 28 января 2020, 24.kg

Кытайдан келген кыргызстандык студенттер изоляторлордо кармалууда

Кытайдан келген кыргызстандык студенттер изоляторлордо кармалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окушат.

«Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо) кармалууда, аларга медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Студенттердин ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнү коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Кыргыз студенттер Кыргызстанга коңшу Казакстан аркылуу келген.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2 миң 300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 100дөн ашты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18