24.kg
14:27, 28 января 2020, 24.kg

ЖАМК: № 47 жана № 21 түзөтүү мекемелери жакынкы күндөрү шаар сыртына көчүрүлөт

Бишкектеги № 47 жана № 21 (№ 1 тергөө абагы) түзөтүү мекемелери жакынкы күндөрү шаардын сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйында ЖАМКтын төрагасынын орун басары Аскат Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, объекттер эскилиги жетип, заманбап талаптарга жооп бербейт. ЖАМК өкмөттүн аппараты менен биргеликте мекемени шаардын четине көчүрүү тууралуу чечим кабыл алды.

«№ 47 түзөтүү мекемесин Аламүдүн районундагы Молдовановка айылына көчүрөбүз. Учурда баардык документтер, техникалык тапшырмалар даяр турат. Ал эми № 1 тергөө абагы Ысык-Ата районундагы № 50 мекеменин аймагына көчүрүлөт», — деди Аскат Эгембердиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18