24.kg
13:42, 28 января 2020, 24.kg

Түркмөнстанда дарыгерлерге мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынды

Ашхабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди.

Буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларда да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынган.

Мобилдүү телефон колдонууга чектөө киргизилгени тууралуу ата-энелер жыйналышында айтылган. Анда телефон балдарга тарбия берүүдө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленген.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы мектептерде окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынганын маалымдаган.

Түркмөн бийлиги калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18