24.kg
12:15, 28 января 2020, 24.kg

Коронавирус. Кыргызстандыктар тынымсыз байланыштан эмнени сурап атышат

Кыргызстандыктар короновируска каршы эмдөө издөөдө. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы тынымсыз байланыш линиясына эң көп берилген суроо.

Эскерте кетсек, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик департаментинин алдында атайын линия ачылган (0312323055, 0312323202 жана 0550033607).

Операторлордун 24.kg агентигине билдирүүсүнө караганда, көпчүлүк чалуулар 15.00 — 16.00дөн кийин түшө баштаган. Көбүнчө Бишкек шаарынан кайрылышкан. Диспетчерлердин айтымында, шаардыктарды коронавируска каршы эмдөө кызыкдырууда.

«Бул суроону Таиланд, Малазияга эс алууга жөнөгөндөр көп сурап жатышат. Бул жылуу мамлекеттерге жөнөгөндөрдүн санын өсүшүнө байланыштуу болсо керек. Саламаттык сактоо министрлиги, кыргызстандан чыкпай турууну сунуштайт Ошондой эле жаш энелер чалып, балдардын дене табы жогоруласа жана ичи орууганда кандай жардам керектигин сурап жатышат. Жарандар тынымсыз байланышты жугуштуу оруулар оруканасы менен алмаштырып атышат.», — дейт санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде.

Телефондук байланыш 8.00 дон баштап 22.00 чейин гана иштейт. «Кечээ биз 22.00го чейин отурдук, бирок 19.00 кийин эч ким чалган жок» дейт диспетчер.

Кыргызстандын чек арасында 170 эпидемилогтор иштеп атат. Ведемстводо белгилегендей 3, 5 миллион бет кап, шприц жана антибиотиктер бар. Ошондой эле, эл аралык аккредитациядан өткөн эки улуттук вирусология лабороториясы бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18