24.kg
12:07, 28 января 2020, 24.kg

Шайлоо 2020. Жанар Акаев жаңы партия менен аттанмай болду

Депутат Жанар Акаев жаңы партия түздү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жаңы саясий бирикмеге мүчө болуп жаш, билимдүү жана прогрессивдүү кишилер кирди. Алардын катарында экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров жана политолог Сейтек Качкынбай бар.

«Бул жуманын акырына чейин жаңы партиянын бет ачарынын убактысын жана жерин айтабыз. Таза, жаңы Кыргызстанды биз менен чогуу кургусу келген жарандарды катарыбызга чакырабыз», — деди Жанар Акаев.

Жанар Акаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген. 2015-жылы ал КСДПнын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. 2017-жылы аны фракциядан чыгарып коюшкан.

Айрым маалыматтарга караганда, партия «Демократ» деп аталат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18