24.kg
11:53, 28 января 2020, 24.kg

Жактоочу: Равшан Жээнбековго тагылган айыптардын баары негизсиз

Экс-депутат Равшан Жээнбеков Кылмыш кодексинин 7 оор жана өзгөчө оор беренелери боюнча фигурант катары өтүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, мурунку депутат массалык башаламандык уюштуруу, бийликти басып алуу, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу беренелери боюнча шектелүүдө.

«Бул айыптоолордун баары негизсиз жана адилетсиз. Равшан Жээнбеков бир канча жолу күбө катары сурак берген. Акыркы жолу суракка чакырылганда, ага шектүү катары кармала турганын билдиришкен. Бирок 2019-жылдын августунда аны кармашкан эмес. 5 айдан кийин гана ага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме жиберишти. Эмнеге аны дароо кармашкан эмес? Ал кезде тергөөнүн далили жок болгон өңдүү, бирок азыр деле жок. Равшан Жээнбеков кылмыш жасаган эмес. Ал өзүнүн кармалышын саясий мүнөздөн улам деп эсептейт», — деди жактоочу.

Мурунку депутат Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Буга чейин аны ИИМдин тергөөчүлөрү бир канча жолу суракка алышкан болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18