24.kg
09:42, 28 января 2020, 24.kg

Чүйдө эки классташтын урушу өлүм менен аяктады

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда эки классташтын урушу өлүм менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган жарандын келип түшкөнү кабарланган. Ал 34 жаштагы И.А. болуп чыкты. Алдын ала билдирүүгө ылайык, Маевка айылында эки кишинин ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Көп өтпөй ооруканага түшкөн жаран эсине келбей каза болду. Кылмышка шектүү катары маркумдун классташы 33 жаштагы К.У. кармалды,» — деп билдиришти башкармалыктан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18