24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА
16:48, 27 января 2020, 24.kg

Билл Гейтс коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлдү

Билл Гейтс коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар миллиардердин кайрымдуулук фондуна шилтеп жазды.

Маалыматка караганда, 5 миллион доллар Кытайга, калган 5 миллион Африканын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборуна берилди.

Акча Африкага илдеттин жайылышына бөгөт коюу, ооруга шектүүлөрдү дарылоо жана коронавирусту жуктуруп алгандарга атайын кармоочу жай уюштуруу үчүн которулду.

Кытайдын борбордук бийлиги Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө бюджеттен 43,2 миллион доллар бөлгөн. Эскерте кетсек, Кытайда жаңы илдетти жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18