24.kg
16:07, 27 января 2020, 24.kg

Матраимовдордун ЖМКга доосу. 24.kg агенттигине карата арызды кайтарып алышты

Депутат Искендер Матраимов, жубай Миновар Жумаева, Бажы кызыматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду 24.kg агенттигине карата 15 миллион сом суммасындагы материалдык доо арызын кайтарып алды.

Арызда 24.kg агенттиги «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» аталышка далилдер жоктугун мойнуна алгандыгына байланыштуу, доогерлер материалдык дооматты артка чакырып алуу мүмкүн деп эсептешет деп жазылган.

Соттун кийинки отуруму 29-январда өтөт.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18