24.kg
13:46, 27 января 2020, 24.kg

Японияда кафе ачкан кыргыз кызы алгачкы кирешесин тапты

Японияда кафе ачкан кыргызстандык Асел Минагаванын алгачкы кирешесин тапты. Бул тууралуу ал twitter баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Асел Минагава жолдошу менен 2019-жылдын 30-ноябрында Японияда кафе ачкан. Бирок анын ачылышына эч ким келген эмес. Жагымсыз окуяга капаланып ыйлап жаткан Аселди жолдошу видеого тартып алган. Тасма интернетте желдей тарап, көпчүлүгү кыргызстандык келинди колдоп, жагымдуу пикирлерди жазышкан.

Аселдин айтымында, эки айдан соң ал алгачкы кирешесин тапты.

«Бул ишембиде адам көп болгонуна байланыштуу кайсы жерге отургузарымды билбей, көпчүлүгү жөн гана кофе ичим туруп турушту. Ар кайсы теманы сүйлөшүп, кардарларым менен жылуу мамиле түзө алдык. Биринчи жолу ушу ишембиде 10$ киреше таптым», — дейт Асел. 

Асел Минагава Японияда кыйналган адамдарга жардам берүүнү көздөп, «Адам- тарых» акциясын жарыялады. Алар футболка жана сумка чыгарып, сатыктан түшкөн каражаттын 70% кедей-кембагалдарга жардам катары беришмекчи. Каалоочулар болсо Асел Минагаванын Twitter баракчасына кайрылса болот. Футболка жана сумканын баасы 50$.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18