24.kg
11:44, 27 января 2020, 24.kg

Гүлжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубуна өттү

Улуттук курама командарынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубуна өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жаш фуболчунун бир тууган агасы Манас Алыкулов билдирген.

Маалыматка караганда, жаңы клубда Гүлжигит Алыкулов 8-номерде ойнойт.

«Биринчиден «Кайрат» клубу рейтинги боюнча «Неман» клубунан 4-5 эсе өйдө турат. Бул клуб Европа лигасында ойногондуктан Гүлжигитке Европа клубдарында ойноого мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот деп ойлойм. Бул клубда Бразилиянын, Португалиянын жана Европа өлкөсүнүн көптөгөн футболчулары ойноп кеткен. Аталган клуб Казакстанда ТОП-2ге кирет» — деп түшүндүргөн Манас Алыкулов.

Эске салсак, Гүлжигит Алыкулов буга чейин Евпора клубтарында ойногусу келерин билдирген. Ал эми Казакстандын «Кайрат» тобунун сунушуна анчайын ынанбай турганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18