24.kg
10:45, 27 января 2020, 24.kg

Бишкекте милиция жаранга карай ок чыгарды. УКМК кылмыш ишин козгоду

Бишкектеги кафелердин биринин жанынан Октябрь РИИБнын кызматкери жаранга карай ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 2019-жылдын 22-декабрында болгон. Ок атуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«22-декабрда, болжол менен саат 4:00дө Октябрь РИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Э.Ы., Р.С. жана жай жаран К.А. мас абалда жүрүшкөн. Э.Ы. жай жаран М.С. тарапты көздөй Макаров үлгүсүндөгү табелдик тапанчасы менен ок чыгарган. Ага «Бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылып, 2 айга үй камагына алуу чечими кабыл алынган», — деп билдиришти УКМКдан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18