24.kg
09:42, 27 января 2020, 24.kg

Былтыр өлкө аймагында 413 миң 5 жүз тонна эт өндүрүлдү

2019-жылдын аягына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында 413 миң 5 жүз тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жыл менен салыштырмалуу 2,5 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлдү.

«Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51 миң 862 башка көбөйгөн: кой жана эчкинин саны — 90 миң 174 башка, жылкылардын саны — 17 миң 355 башка жана үй канаттуулардын саны 99 миң 279 башка көбөйгөн», — деп билдиришти бөлүмдөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18