24.kg
09:25, 27 января 2020, 24.kg

Жаңы вирус. 80 киши каза болуп, 2 миңден ашуун киши жуктуруп алышты

Кытай боюнча коронавирус жайылууда. 26-январга карата дүйнө жүзүндө 2 миңден ашуун киши бул вирусту жуктуруп алышкан, алардын көбү Кытайда. Маалыматты Reuters агенттиги таратты.

Каза болгондордун саны 80ге жетти.

Вирус АКШ, Тайлан,Түштүк Корея, Япония, Австралия, Франция жана Канадага тараган.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18