24.kg
16:35, 24 января 2020, 24.kg

Казакстанда окуучу кызды зордуктаган адамга химиялык кастрация жасалат

Бүгүн Казакстандын Тараз шаарында сот мектеп окуучусун зордуктаган деп айыпталып жаткан жергиликтүү тургунду 25 жылга эркинен ажыратып, химиялык кастрациядан өтүүгө милдеттендирди.

Аты-жөнү айтылбаган 38 жаштагы тургун «Жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» жана «Жашы жете эле кызды зордуктоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүмгө ылайык, мындан тышкары соттолуучу жабырлануучу тарапка беш миллион теңге (13 миң долларга жакын) төлөп бериши керек. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Таразда 12 жаштагы окуучу кыз мектептин короосундагы дааратканада зордукталганы өткөн жылы ноябрда кабарланган. Бул кылмышка шектүү катары 38 жаштагы адам кармалып, камакка алынган. Маалыматтарга караганда, ал мектептин аймагындагы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.

Казакстанда бачабаздарды химиялык кастрация кылуу тууралуу мыйзам 2018-жылы күчүнө кирген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18