24.kg
15:16, 24 января 2020, 24.kg

Чоң муштум күйөөсүнөн жашынып жүргөн. Баткенде дайынсыз болуп жаткан аял табылды

Баткен районунда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-январда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, 30 жаштагы кызы дайынсыз жоголгонун айткан. Кийин изделип жаткан аял туугандарынын үйүнөн табылды.

«22-январда милицияга издөөдө жүргөн аял өзү кайрылып, жолдошу сабап салгандан кийин үйүнөн качып кеткенин айткан. Ал кол көтөргөн күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталлды. Экспертизанын жыйынтыгы менен кол көтөргөн жаранга юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18