24.kg
14:12, 24 января 2020, 24.kg

Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайды 5 миң долларга сатууга аракет кылган 2 аял кармалды

Ош облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайды 5 миң долларга сатууга аракет кылган 2 аял кармалды. Бул маалыматты ОИИББдан тастыкташты. 

Билдирүүгө ылайык, Өзгөн районунда кармалган аялдардын бири 17-январда дени сак бала төрөгөн. 3 сутка өткөндөн кийин ал жакын тууганы экөө баланы сатып ала турган кардарларды издеп башташкан.

Ош ОИИББнын кызматкерлери шектүүлөр менен байланышып, сатып алуучунун ролун ойношкон. Алар алдын ала 1 миң 500 доллар берип, калган сумманы ымыркайды колго алгандан соң беребиз деп макулдашкан. 

Шектүү аялдар 21-январда кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголду. Ош шаардык соту наристенин энесин үй камагына, ал эми жакын тууганын тергөө камагына кармоо тууралуу чечим чыгарды. Ымыркай азырынча балдар үйүндө, анын атасы ким экени белгисиз. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18