24.kg
13:51, 24 января 2020, 24.kg

Президент санариптештирүү боюнча иш канааттандыраарлык жүрбөй жатканын айтты

Кээ бир мамлекеттик органдарда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес жүрүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.

Өлкө башчысы, 2019-жылдын июль айына чейин Коопсуздук кеңештин санариптештирүү чечимин аткаруу боюнча иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын айтып,  Саламаттыкты сактоо, Билим берүү тармагын сынга алды. 

«Бул эскертүү — «Түндүк» системасынын алкагында мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну толук камсыз кылбаган мамлекеттик органдардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине тиешелүү. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү жарыялоону туура сунуштоодо. Эгерде абал жакшырбаса, жарым жылдын жыйынтыгында өтө катуу тартип чараларын көрөбүз», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт кыска мөөнөт ичинде, Коопсуздук кеңештин чечиминдеги ар бир иш-чара өз учурунда жана жогорку деңгээлде ишке ашырылышына бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18