24.kg
10:05, 24 января 2020, 24.kg

Жаңы вирус. Кытай Кыргызстанга ыкчам маалымат берип турууну убадалады

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушуу элчинин демилгеси менен өттү. Ал Кытай өкмөтү оорунун жайылып кетпеши үчүн болгон чараларды көрүп жатканын айтып, аталган вирус менен күрөшүүдө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана коңшу өлкөлөр менен тыгыз байланышта болуп жатканын баса белгиледи. 

Элчинын айтымында, Кытайга виза берүү чектелген жок.

Министр Космосбек Чолпонбаев элчиге ыраазычылык билдирип, чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөнүн айтты. Ал санитардык-карантиндик пунктунун адистери Кытайдан келгендерди термометриянын жардамы менен текшерип жатышканын кошумчалады.
 

Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18