24.kg
14:24, 23 января 2020, 24.kg

Эксперттер кыргызстандык балдарды Ирактан чыгаруу боюнча ишти баштоого даяр

Биздин дипломаттар менен эксперттер кыргызстандык балдарды Ирактан чыгаруу боюнча ишти баштоого жана аны аткаруу үчүн жөнөп кетүүгө даяр. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков маалымат жыйынында айтты.

Анын билдирүүсүндө, маселе мамлекет башчы менен премьер-министрдин көзөмөлүндө. Атайын мекемелер аралык комиссия да түзүлгөн. Министр балдардын жарандыгын тактоо, жарандарды идентификациялоо, аларды андан аркы кыргыз коомчулугунда интеграциялоо процесстери көп эмгекти талап кылаарын моюнга алды.

«Бул комплекстүү иштер жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө кыргыз тарап Иракка барып, биздин жарандарды, балдарды тандап, топ түзүп, аларды бир эле убакта Кыргызстанга алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүгө даяр. Бизге өнөнтөштөр, анын ичинен ЮНИСЕФ колдоо көрсөтүп жатат. Учурда Ирактын аймагындагы абал тоскоолдук жаратууда. Биз ирак тараптын расмий чакыруусун күтүп жатабыз. Абал турукташкандан кийин биз чыгып кетүүгө даярбыз», — деди ал.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытовго Сирия менен Ирандагы качкындар үчүн лагерлерде жашап жаткан кыздардын жана неберелердин энелери кайрылышкан. Алар жакынкы аралыкта балдарын өз мекенине кайтаруу тууралуу маселе чечилбесе, митингге чыгабыз деп коркутушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18