24.kg
14:09, 23 января 2020, 24.kg

Ош—Ноокат жолундагы кырсыктан 3 киши жаракат алды

Ош—Ноокат жолундагы кырсыктан 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя кечээ кечки саат 18:30 чамасында катталды.

Маалыматка таянсак, «ВАЗ-2106» жеңил унаасы алдындагы унаадан ашып өтүп, карама-каршы тилкедеги «Хундай Портер» унаасы менен кагышкан. Кесепетинен «ВАЗ-2106» унаасынын айдоочусу жана «Хундай Портердин» 2 жүргүнчүсү Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18