24.kg
11:53, 23 января 2020, 24.kg

Эркин-Сайда кыздарды уурдоо фактысы азырынча аныктала элек. 2 кыз суракка алынды

Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында кыздарды уурдоо фактысы дагы деле текшерилүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ болжол менен саат 14:00дө РИИБга Эркин-Сай айылында белгисиз кишилер 2 жаш кызды уурдоого аракет кылды деген маалымат келип түшкөн. Милиция 2 кыздын өздүгүн тактап, ата-энелеринин көзүнчө суракка алышкан. Бирок алардын көрсөтмөлөрүндө айрым дал келбөөчүлүктөр бар.

Ошондой эле башка жергиликтүү тургундар суракка алынган. Алар айылдан чоочун унаа менен кишилерди көрбөгөнүн айтышууда.

Факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18