24.kg
11:19, 23 января 2020, 24.kg

Кара-Суу районунда адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 11:15тер чамасында Кара-Суу РИИБга Сүрөттүү-Таш айылынын 45 жаштагы тургунунун сөөгү өз үйүнөн табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Анын денесине кароо жүргүзгөн учурда, ал киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болду.

Аталган кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 46 жаштагы тургунутА.Б. кармалды.

Алдын ала билдирүүгө ылайык, маркум менен кылмышка шектүү унаанын документи тууралуу сөз талашып уруша кетишкен. Маркум жыгылып түшкөндө шектүү аны буту менен боор тарапка катуу тээп жиберген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18