24.kg
10:50, 23 января 2020, 24.kg

Ормон-Хан айылындагы мектептин дубалын чычкандар кемирип салышкан. Балдар үшүүдө

Ормон-Хан айылында балдар муздак мектепте окууга туура келүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

Анын айтымында, мектеп жеңил конструкциядан курулган. Чычкандар дубалды жылуулаган айнеккебезди кемирип салышкан.

«Кышкысын мектепте суук, жайкысын чычкан жыттанат. Бул маселени карап чыгууну суранам», — деди депутат. Ал өкмөт социалдык маселелерди чечүүнүн ордуна, акчаны иш-чара, юбилей өткөрүүгө жана балаты кооздоого коротуп жатканын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18